Гезитибиз басууга кетип жатканда КРнын Футбол федерациясынан кубанычтуу кабар уктук. 16-апрелде Бишкекте КРнын мааракелик 20-чемпиондугунун ачылыш салтанатына атактуу француз футболчусу Зинедин Зидан катышат. Бир кездердеги Дүйнөнүн мыкты футболчусу Кыргызстанга келерин угуп, чынында аябай сүйүндүк. Теги алжирлик мусулман болгон Зидандын мусулман динин туткан өлкөлөргө көп эле барып жүргөнү маалым. 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугун өткөрүү Катарга берилишине да анын салымы зор деп жүрүшөт. Зинедин «акеге» калпак кандай жарашат болду экен?.. Бул тууралуу дагы кененирээк эмки саныбызда жазабыз. 1-апрель Күлкү күнүңүздөр менен!