ЧИНГИС БОРБАШЕВ – «МЫКТЫ МУШКЕР»

Казакстандын Уральск шаарында 29-марттан 3-апрелге чейин Казакстандын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына карата бокс боюнча эл аралык турнир болуп өттү. Бул мелдешке Кыргызстандын, Орусиянын, Монголиянын, Өзбекстандын жана Тажикстандын 120дан ашуун мушкерлери катышкан. 81 килограммга чейинки салмакта чыгып жүргөн мушкерибиз Чингис Борбашев алтын медаль утуп, мындан сырткары «Мыкты мушкер» наамына татыды. Асадулло Баймурадов (75 килограммга чейин) жана Нурсултан Шерматов (69 килограммга чейин) коло медалды утуп алышты. Эскерте кетсек, бул турнирге биздин өлкөнүн намысын коргоого, болгону, 4 мушкер барган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
asyl
2011-04-09 19:11:15
азаматсынар!дагы чон ийгилектерди жарата бергиле.силер менен сыймыктанабыз.
0
arlekino
2011-04-11 12:27:29
Чингиз аябай жагат красавчик!
0
Аида
2011-04-13 01:23:25
Азаматтар Кыргызстаныбыздын даражасын которууго комоктошкуло,ийгилик силерге!!!!!!
0
№ 440, 8-14-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан