Үстүбүздөгү жылдын 27-мартында Москванын «Динамо» спорт клубунда кармашып мушташуу боюнча дүйнөлүк чемпионат болуп өттү. Ага 37 өлкөнүн мушкерлери катышышты. Кыргызстандын курама командасынын 8 мүчөсү барып намысыбызды коргоп келишти. 65 килограмм салмакта Айманбетов Адилет («Келечек» клубу) 2-орунду, 90 килограммдык салмакта Толтоев Нуристан («Келечек» клубу) 3-орунду ээледи. Командалык эсепте Орусия биринчи, Казакстан экинчи, ал эми биздин курама команда 4-орунду камсыз кылды.