АПТА ХРОНИКАСЫ

102 билдирет

СЕЙФТЕН КУРАЛ ТАБЫЛДЫ
2011-жылдын 30-мартында Бишкектеги үйлөрдүн биринен милиция кызматкерлери курал-жарак, ок-дары жана баңгизатын табышкан. Алардын билдиришинче, дубалдын оюгуна жайгаштырылган сейфте номери өчүрүлгөн Ревнаган револьвери, белгисиз маркадагы тапанча, октору менен Винчестер, ар түрдүү калибрдеги октор жана 750 грамм гашиш табылган. Я.М. аттуу үйдүн ээси “курал жана баңгизатын мыйзамсыз сактаган” деп шектелип, убактылуу кармоочу жайга камалды.

ЖЕР АЛЫП БЕРБЕЙ КУРУП КАЛ
ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан алдамчылык менен алектенип жүргөн 36 жаштагы адам кармалды. Ал 2007-жылы “Ак-Ордо жаңы конушунан жер тилкесин алып берем” деп Бишкек шаарынын тургунунун он миң доллардан көбүрөөк акчасын алдап алып же акчасын, же жер алып бербей алдап жүргөн.

МАИчилер ДА ЧУРКАЙ АЛАТ
31-марттын түнүндө Сокулук районундагы Ново-Павловка айылынын тургунунун үйүнө колдорунда таягы бар 7-8 беткапчан адам кирген. Алар үй ээсин бычак менен коркутуп, 55 миң сом акчасын жана алтын буюмдарын, Ауди үлгүсүндөгү автоунаасын тартып алышкан. Анысы аз келгенсип, короодогу дүкөндөн автоунаага толтура тамак-аш жүктөп кетишкен. Каракчылык боюнча бул маалымат Чүй облусунун милиция бөлүмдөрүнө, Бишкектеги бардык оперативдүү кызматтарга кабарланган. Бишкек шаарынын бир көчөсүнөн МАИ кызматкерлери аталган автоунааны көрүп, токтотууга аракет кылышканда алар токтобой качып кетишкен. МАИ кызматкерлери Аудинин артынан кууп жеткенде ичиндегилер автоунааны таштай качышкан. Бирөөсүн бир жарым чакырымга чейин кубалап барып Жал кичирайонунун жанынан кармашкан. Ал Ак-Ордо жаңы конушунун 25 жаштагы С.Б. аттуу тургуну болуп чыккан. Сокулук райондук милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү дагы эки жаран кармалды.

ГЕРОИН САТЫП БАЙЫЙМ ДЕДИ ЭЛЕ...
ИИМдин Мыйзамсыз баңги бизнесине каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери 1-апрелде Ош шаарында “мыйзамсыз баңгизатын сактаган” деген шекте 46 жаштагы жаранды кармашкан. Тинтүү жүргүзгөн учурда шектүүнүн үйүнөн 1 килограмм 947 грамм героин табылды.

АҢГИЛИГИ АШЫП КЕТКЕН
Бишкек шаардык Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери тарабынан “аял зордуктады” деп шектелген адам кармалды. Үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде болжол менен таңкы саат төрттө 30 жаштагы аял зордукталган. Жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылып, анын негизинде Бишкек шаарынын 45 жаштагы тургуну кармалды. Орто жаштагы бул кишинин айыбы далилденсе, бир нече жылга абакта күнөстөшү шексиз.

101 билдирет

ОТ МЕНЕН ОЙНОБО!
2011-жылдын 3-мартында Ноокат районунун Зулпуев айылындагы бир үйдөн өрт чыгып, короодогу бастырма жана эки жарым тонна чөп күйүп кеткен. “Кырсыкка 5 жаштагы баланын от менен ойноосу себеп болгон” дешет өрт өчүрүүчүлөр.

ЖЫЛЫТКЫЧТЫ ТУУРА ПАЙДАЛАН!
2-апрелде Бишкектин Чыгыш-5 кичирайонундагы дүкөн өрттөнгөн. Өрттүн кесепетинен дүкөндүн ичиндеги сыналгы, муздаткыч, кондиционер, тамак-аш күйүп кеткен. Электр жылыткычтарын туура эмес пайдалануудан улам ушул кырсык келип чыгыптыр.

КИЧИНЕКЕЙ КЫЗ ӨРТТӨН КАЗА БОЛДУ
Бишкектеги бир үйдөн өрт чыккан. Өрттү өчүрүү үчүн келгендер 7 жаштагы М.Мухамедованын күйүп калган денесин табышкан. Мындан сырткары үйдүн чатыры күйүп кеткен. Өрт балдардын ширеңке менен ойногонунан келип чыккан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 440, 8-14-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан