Караколдон гастролдоп кайтышкан Бек Борбиев, Мая, Кабыл Бөрүбаев жана Санжар Бердибековдор эми түштүктү түрө кыдырып концерт коюшмакчы.
Тынай Алыбаев “Кимге айтам?” деген чыгармасына клип тартууда. “Буюрса, клип ушул айда жарыкка чыгат” деп билдирди ырчы.
Аранжировкачы жана ырчы Жаныш Момунов “К-52” деген орус тилдүү эстрадалык топко кошулду.
Гүлзинат Суранчиева 5-апрелде Таласта өткөн шейит кеткендерди эскерүү концертине катышып кайтты.
Добр Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарына жеке концертин берип келип, “Сен үчүн” деген ырына клип тарттырды.
Сыймык Бейшекеев менен куудул Келдибек Ниязов Баткенде концерт берип жүрүшөт.
Гүлзат Байзакова 12-13-майда Улуттук филармонияда жеке концертин өткөрөт. Учурда даярданып, жаңы ырлардын үстүндө иштөөдө.
“Don't Leave Me” деген ыры менен популярдуу болгон “02.14” тобу Каракол шаарында жеке концерт берип келди. Эми борбордо өтчү концертке кызуу даярданууда.
Жамиля Муратованын шакирти Назик Кудайбердиева «Бириксек колдон келет» аттуу ырына клип тарттырганга даярданууда. Андан тышкары орус тилинде да ыр жаздырып жаткан кези.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Аида
2011-04-09 00:26:24
Бек Борбиев менен Сыймык Бейшекеев Москвага концерт коюп келишсе сонун болмок.
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.