Чырлашуу кезеги бул ирет ырчы KG Эльмурат менен продюсери Ислам Сатаровго келип жеткен окшойт. Экөөнүн ортосун кайсы кара мышык аралаганын ким билсин, айтор, иштешпей калышыптыр. KG Эльмураттын айтуусуна караганда, продюсери менен кызыкчылыктары төп келбей калган. Ырчы «мурда деле баарын өзүм кылчумун, Ислам жөн гана жардам берчү. Өз арабамды тартып кетүүгө кудуретим жетет» деп турган чагы. Ал эми продюсери «KG Эльмурат экөөбүз урушкан жокпуз, бул калп» дегенден башка сөз айткан жок.