“Сыныктан башканын бардыгы жугуштуу” демекчи, күнү-түнү музыканы жаңыртып кошуналарына тынчтык бербеген Ильяз Абдыразаковдун таланты бир тууганы Ниязга да жуккан көрүнөт. Учурда Нияз Нурлан аттуу жигит менен “N&N” деген топ түзүп, “Издеп барам” деген ырды жаратууга жетишиптир. Эми Ильяз деп соккон жүрөктөр Нияз деп согуп калабы деп турабыз.