“Миң кыял FM” радиосунун мукам үндүү ди-джейи Кундуз Казыбек кызы “3 жылдан бери радиодо иштеп келдим. Эми өз талантымды теле жаатында сынап көрсөмбү деп турам. Буюрса, бир жума ичинде ди-джейликти жыйыштырам” деп турган кези. Кундуздун мындай чечимин жолдошу Акбар Сүйүнбаев да колдоодо.