Буга чейин “жүрөгүм бош, махабатымды күтүп жүрөм” деген кебин чарчабай кайталачу ырчы Кайыргүлдүн кубанычында чек жок. Анчалык эмне болуптур дейсизби? “Бактыңды алыстан эмес, жаныңдан эле изде” дегендей, чыгармачыл чөйрөдөн өз сүйүүсүн жолуктурду. Бирок ырчы кыз “көз тийип кетеби же сөз тийип кетеби” деп чочулады көрүнөт, азырынча жүрөгүн ээлеген адамдын аты-жөнүн атагысы келбеди. Эмнеси болсо да эки жаштын сүйүүсү мүрөктөй таза болуп, кош жылдыздай жана беришине тилектешпиз.