Ата-бала Смиттер режиссёр Найт Шьямаландын фантастикалык фильминде башкы каармандардын образын жаратууну пландашууда.
Тасманын мазмуну кеме менен космосто саякаттап жүргөн ата менен бала тууралуу. Кеме кырсыкка кабылып, ата менен бала жашоо үчүн күрөшүп, катаал сыноолордон улам ортодогу мамилени чыңдашат. Смит тасмага башында продюсер гана болуп бермек, бирок режиссёр Шьямалан аны дагы тартылууга көндүргөн. Эске салсак, Уилл менен уулу Жейден “Бакытты издөө” тасмасына да чогуу тартылышкан.