5-апрелде Бишкек шаарынын Кино үйүндө кандуу апрель окуясынын бир жылдыгына арналган кыска метраждуу 4 фильмдин бет ачары болуп өттү. Тасмалар “Айтыш Фильм” жана “Тумар Фильм” киностудиялары тарабынан тартылган.
Садык Шер-Нияз режиссёр болгон “Сизге жооп” даректүү тасмасы, Венера Жаманкулованын “Кайрат” фильми, Тынчтык Акималиевдин “Бүтө элек түштөр” жана Бахтияр Сейтказиевдин “Наушник” көркөм фильмдери көрсөтүлдү. Тасмалардын бет ачарына бийликтин өкүлдөрү да келишти. Тасмадагы айрым кадрларды көрүп, энелер ыйлап чыгып жатышты.