4-апрелден 14-апрелге чейин апрель окуясында курман болгондорго арналган он күндүгү башталды.
Орусияда 590 миңге чукул мекендешибиз иштеп жүрүшөт, анын 270 миңи Орусиянын жарандыгын алышкан.
Апрель, июнь окуялары боюнча депутаттык комиссия апрель айынын ортосунда иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялайт.
Транзиттик борборго май ташуу мыйзам долбоору парламенттен өтсө, бюджетке ай сайын 4-4,5 миллион доллар түшөт.
Депутаттар “Ош базарынын” аймагындагы соода жайларды ордунда калтыруу боюнча Жогорку Кеңештин токтомун колдоп беришти. Токтомдо базардын айланасындагы иретсиз соода жайларын тартипке келтирүү жагы күчүндө калтырылды.
Кыргызстанда кароосуз калган балдардын саны 20 миңге жетти.
Өлкөбүзгө мал ылаңдарына жол бербөө үчүн 4 миңден ашык ветеринар керек.
“Кыргызстан Бажы союзуна киргенде көп маселе чечилет”,- дейт Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов.
Республика боюнча бир ай ичинде буудайдын килограммы 13,97 сомдон 15,77 сомго чейин көтөрүлгөн.
Ысык-Көл жана Нарын облустарында 2 миллион сом суммадагы электр энергиясы уурдалган.
Өлкө боюнча ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган 3444 киши катталган. ВИЧинфекциясынан 467 киши каза болсо,СПИД оорусунан 163 адам көз жумган.
6-апрелдеОш облусунун Араван районунда 3 балл, ОшжанаКызыл-Кыя шаарларында 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду.Жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.
Президент Роза Отунбаева “Кыргызстанда болгон революциялар дүйнө элине феномен болду”,- деп айтты.
Мамлекет тарабынан 7 облустагы 19 мектепке керектүү эмеректер берилди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.