БААТЫРЛАРГА БӨЛҮНГӨН ҮЙЛӨРДҮ АКЧАЛУУЛАР АЛДЫБЫ?

6-апрель күнү Жал кичирайонунда апрель окуяларынын катышуучуларына арналган 9 кабаттуу эки үй Роза Отунбаеванын катышуусунда берилди. Баатырлардын жакындары мамлекет аларды көңүл сыртында калтырбай жардам көрсөтүп жатканына ыраазы болушканы менен, “балдарыбыз тирүү болгондо мындай үйлөрдү өз колдору менен курбайт беле” деп ыйлап жатышты. «Үй берилбей калды» деген нааразы тараптар да болбой койгон жок. Алардын бири Гүлбайра эже: “Курман болгондорго берилгени туура, бирок жаракат алгандарга адилетсиз берилип калды. Анткени жаракаты жеңилдер батирлерге ээ болуп, оор жаракат алгандар жетпей калды. Буга ортодон акча жасагандар күнөөлүү” дейт. Ал эми комиссия өкүлдөрү «мындай иштер болгон эмес» деген жообун узатты. Ушундай көрүнүштөр болгонбу же негизсиз дооматтарбы, аны комиссия кайрадан карап чыкмай болду.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
arlekino
2011-04-11 13:05:07
комиссия берилгенге чейин такташ керек эле баарын............
0
№ 440, 8-14-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан