Апрелдин алгачкы күнүндө ЖКдагы чырдашуу маалымат айдыңынын негизги макаласына айланды. Ташиев менен Сулаймановго арачы боло коём деп Садыр Жапаровдун да бети канжалаганы маалым. Бул ортодо бир канча депутаттар ар түрдүү пикирлерин айтканга үлгүрүштү. Эки фракциянын айрым депутаттары “мушташ коалициянын келечегине жана ынтымагына таасир этпейт, эки жигит элдешет” дешсе, “ата мекенчи” Өмүрбек Абдырахманов “Ташиевге кол көтөрүү бийлик тарабынан атайын уюштурулган чагым болушу мүмкүн” деп боолготкон эле. Кыскасы, Алтынбек Сулаймановдун Камчыбек Ташиевге “кол салуусунун” аягы “республикачынын” тизе бүгүп чөгөлөп Камчыбек акесинен кечирим суроосу менен тынчыды дешет.