1-майдан баштап пенсия көбөйтүү үчүн Өкмөттүк токтомго кол коюлду. Учурда 1000 сомго чейин алган пенсионерлерге – 600 сом, 1000-2000 сомго – 400 сом, 2000-4000 сомго чейин – 250 сом, 4000-10 000 сомго чейин – 150 сом, ал эми 10 000 сомдон жогору алгандарга – 100 сом кошулат. Мындан тышкары болжол менен 120 миң (жалпы пенсионерлердин 22 пайызы) пенсионер кошумча төлөмдөрдү ала алышат. Бул категорияга совет доорунда же 1996-жылга чейин эмгек стажын алгандар кирет. Алардын учурдагы пенсиялык көлөмү 2300 сомго барабар болушу зарыл. Жаңы токтомдун негизинде эмгек акынын чектелген деңгээли 5000 сомго чейин көтөрүлөт. Ошондой эле айрым өзгөчө категориядагы пенсия алуучулар үчүн (майыптарга, саясий куугунтук алгандарга, жазага тартылып, кийин акталгандарга, донорлор ж.б.) жөлөк пулдардын өлчөмү 50 сомго жогорулатылат.