Курманбек Бакиев «Интерфакс-Батыш» агенттигине маек куруптур. Анда экс-президенттин баягы эле актанган сөздөрүнө орун берилген. “Кыргызстанда бирөөнүн башына кыш куласа да Бакиев күнөөлүү болууда. Мына, бир жыл болду, басып алган бийлик эмне кылып оңдоп жиберди, баягы эле көрүнүш. Кыргызстан – мекеним, сагынып, баргым келет, бирок азыр эмес. Мекенимде болуп жаткан окуяларды ал жакта чогуу иштешкендерим жана тарапташтарым аркылуу билип турам. Азыр неберелериме, үй-бүлөмө кам көрүп жашап жүрөм. «Кимдин эсебинен жашоодо?» дешиңер мүмкүн. Мен директорлуктан мамлекет башчылыгына чейинки жолду басып өткөм. Кедей адам эмесмин, оокат-тиричилик өтүп жатат. Табият менен сырдашуу, балык уулоо, жөнөкөй адамдар менен баарлашуу саясатка караганда жеңил жана ырахаттуу, ыңгайлуу... Кыргыз эли «убагында Бакиевди коргоп, сактап ала албадык» деп өкүнүп жүргөндүр”,- дейт.