АБИЙИР СОТУ ЖЕ ТАГДЫР ЖАЗАСЫ

КАРГАШАЛУУ ЖОЛУГУШУУ
– Ай-ий, мынчалык сонун жигитиң бар. Белекке жайнаган гүл берип бөпөлөгөн жигиттер азыр чанда. Карасаң, тим эле гүлдөрүң бажыраят.
Үйгө кирип келген Ажардын минтип суктана сүйлөгөнүнө Асел көңүл да бурган жок. Өз ою менен алек боло терезени тиктеп тура берди. Чын эле ойлончудай иштер болуп кетти. Көз алдына машиначан Аскат, анын зөөкүр достору тартыла калды. Ошол күнү курбулары болбосо, балким, бул каргашалуу жолугушуу болмок эмес беле.
Экинчи курсту аяктаганын шылтоологон кыздар тоого чыгышты. Бирин-бири сууга сүйрөп, чер жазып ойноп отурушкан. Алардын тынчын ары жактан басып келген үч жигит бузду:
– Кандайсыңар, кыздар? Бизди дагы кошуп албайсыңарбы оюнуңарга?- деп жөөлөй басып кирген аларды кыздар жактырбай карашты. Кийимдерине, мин­ген машинелерине караганда өздө­рүн Кудай сезген мансапкор атанын көпкөн уулдары экени билинип турат.
– Сулуу, сиз менен таанышсак болот бекен?- деп Аселдин каруусунан алган жигитке көз сала берген Аселдин жүрөгү “шуу” дей түштү. Өзүн теше тиктеген каардуу көздөр азыр жеп жиберчүдөй карап турган экен. Кыздын чочуй караган көздөрүнө туш болгон жигит да эсин жоготкондой далдырай түштү.
– Жок! Мен тааныша албайт экем сиздер менен,- чыйрыга сүйлөгөн Асел колун тартып алып, ары жакка басып кетти. Булар ошентип жолугуп калышкан эле.
Ошентип, Аселдин тынч агым менен агып жаткан жашоосуна Аскат деген жигит пайда болду. Сабактан чыгып келе жатса да, үйүнө бара жатса да жолунан тоскону тоскон. Кыздын каршылык көрсөткөнүнө, жигити бар экенине да көңүл бурбай артынан түшүп алды. Аскат мындай жүрөгүнө тынчтык бербеген сезим болоорун биринчи жолу сезген эле. Канча кыз менен мамиле түзсө да, Аселдей кызды жолуктурган эмес. Бирок, канча аракет кылса да кыздын тоготпой коюшу намысына тийди. Ошон үчүн айтканы менен болбосо, арты жамандык менен бүтөөрүн Аселге айтып, коркутканга өттү. Мансаптуу атанын аркасы менен эч качан каршы сөз угуп көрбөгөн Аскат Аселдин көжөл­гөнүнө ого бетер жини келип, “Баары бир сени баш ийдирем” деген максат менен күн өткө­рүп жүрдү.

КОРКУНУЧ
Асел Аскат жөнүндө эч кимге айткан эмес эле. Атүгүл, жаны бирге жакын адамы Кубатка да айткан эмес. Күндөн күнгө өңүнөн кетип бара жатканын байкаган Кубат канча такып сураса да айтпай койгон. Бүгүн да ал жөнүндө сөз баштады:
– Эмне болду сага? Күндөн күнгө суз болуп эле бара жатасың?
– Хм, эч нерсе деле болгон жок.
Канчалык такып сураса да эч нерсе айтпай койгон. Бирок, өңүнөн кетип турганын байкаган Кубат тоого чыгып эс алып келүүсүн сунуш кылды.
– Тоогобу?
– Эмне анча коркуп кеттиң?
– Билбейм, бир нерсе болчудай болуп эле коркуп жатам. Макул, тоого чыгып келеличи. Балким, өзүмө келип калаармын.
Ушул учурда кыздын чөнтөк телефону чырылдап калды.
– Чоң кыз, көзүңдү ач, мен сенин артыңда турам. Эгерде мени дагы ойното турган болсоң, алдагы ээрчишип жүргөн жигит сөрөйүң көзү ачык боюнча кете берет. Түшүндүңбү? Эмесе, көрүш­көнчө...
Кыз бир нерсе деп жооп бергенче телефон өчүп калды да, жанынан кара “Мерседес” шуу этип өтүп кетти. Бул Аскат эле. Кыздын тоготпогондой мамилеси безине тийип ушинтип коркутууга өткөн. Кыз шалдая түштү. Жанында бейкапар бир нерселерди айтып кетип бара жаткан Кубат эч нерсени сезген жок.
Асел гана жүрөгүн кыскан бүдөмүк коркунучту сезип бара жатты.

“КЫЗ БИЗ МЕНЕН КАЛАТ”
Ошондон көп өтпөй Асел менен Кубат тоого жөнөп калышты. Машиналардын улам бирин кууп өтүп тез эле карагай-чер каптаган Аларчага жетип келишти.
Сырдашып, бактыга баткан ушул күн алардын бактысынын акыркы күнү экенин эч ким билген жок.
Кечкурун чарчап үйгө кайтып келе жатышкан эле. Кубаттын ийинине жазданып келе жаткан Асел чочуп кетти. Артын карашса Кубаттын Жигулисин сүздүрө келип токтогон “Жип” машинасынан эңгезердей жигиттер түшүп келе жатышкан экен.
Атайын сүзүшсө да эми Кубатты айыпка жыгып киришти. Бул Аскаттын планы менен болгон иш эле. Кыздын көзүнчө Кубаттын шагын сындырып коюу максаты болчу.
– Кана, балакай, чык машинеден!
– Карачы, эмне кылдың? Эми мындай Жигулиңден бешөөнү сатсаң да карызыңдан кутула албайсың. Ха-ха-ха.
Кичине жери чийилип кеткен машинесин көрсөтүшүп демиткен зөөкүр балдарды көргөндө эле Кубат кандай адамдарга туш келгенин түшүндү. Эми буларды аке-жаке деп кутулбаса болбойт.
– Эми көпкө жыгылдың, дос. Тез барып миң долларды таап келбесең өлдүң.
– Макул, акелер, таап келейин,- деди эптеп эле кутулганды көздөгөн Кубат.
– Анда жүгүр. Бирок, тигил сулууну бизге залогго калтырып кетесиң.
– Эмне-е?
– Эмнени уксаң ошол.
Кубатты бет талаштыра уруп калды бири. Бүгүлө жыгылып калган жигит булардын талабын аткарбаса соо калбасын түшүндү.
– Ох, болуптур, кыз силерде калсын,- деди алсыз гана.
Аселдин кулагына “шак” дей түштү бул сөз. Бул эмне дегени? Таянаар тоосу деп жүрсө, мунусу сүрмө топко таштап салып кете бергени кандай? Уккан кулагына ишенбей турду.
– Анда жөнө, кыз бизде калат.
Кубат анын көзүнө тике карагандан качып машинесине отурду да, зуу койду. Буйтка жерге келип токтогондо гана өзү эмне кылып жибергенин сезди. Отура калып башын мыкчый өксүп жиберди.

ЖАЗЫКСЫЗ ӨЛҮМ
– Кана, сулуу, сенин ишенген адамың ушинтип таштай качты го, буга эмне демексиң?- Аскаттын кекээр суроосуна тигилер машинени жаңырта күлүп калышты. Ызасы, намысы жүрөгүн ачыштырган Асел эч нерсе жөнүндө ойлогон жок. “Өлүм! Мындан көрө өлгөнүм артык. Ушулардын туткунунда калгандан көрө өлгөнүм өйдө.” Кубаттын өзүн таштап кеткенине, Аскаттын кытмыр жылмайганына жаны кашайып бара жатты. Башына өлүмдөн башка эч нерсе келген жок. Жүрүп бара жаткан машина бийикке көтөрүлө бергенде эшигин шак ачты да, көз ачып жумганча өзүн ылдыйга таштап жиберди.
– Ай!
– Токтот!- деп кыйкырып жиберди Аскат.
Эми эле каткырып келе жаткан балдардын жүзүнөн күлкүсү күбүлүп төмөн чуркашты. Таштардын арасында жансыз жаткан денени тегеректеп туруп калышты.
– Асел!
Аскаттын калтыраган колдору кыздын бетин жапкан чачын акырын жыйнады. Көзү бир аз ачылган боюнча кете берген экен.
– Кантип, ыя? Кандайча болуп кетти?- айласы кете тегерегиндеги балдарга карады. Баарынын айласы кетип турган эле. Көпкө чейин ушинтип турушту.
– Эмне кылабыз, ыя?
– Эмне кылмак элек? Эптеп өлүгүн бир жерге жашырып...
Аскат эч нерсе уккан жок. Аселдин сөөгүнүн жанында тизелеген боюнча көзүн албай карай берди. Бүттү! Баары бүттү. Эми эч качан гүлдөй жайнаган кызды көрө албайт. Анын көздөрү өзүн күнөөлөп жаткандай туюлду.
– Аскат...
– Ии, эмне болду?- куду оор уйкудан чочугандай досун карап калды.
– Жерге жашыралы... Таң атып кетет.
– Кандайча?
– Эмне, өмүр бою түрмөдө отургуң келеби? Билесиңби, канча жыл берет...
Аскат эч нерсе дей алган жок. Болуп өткөн окуяга түшүнө албай отура берди. Бүткүл денеси тоңуп калгандай. Достору даярдаган буйтка жерге тез жашыра салып жөнөп калышты.

АБИЙИР СОТУ
Арадан күндөр өттү. Ошенсе да Аскаттын жан-дүйнөсүнө бүлүк түшүргөн ошол күн эсинен чыкпай койду. Отурса да, турса да Аселдин чала жумулган көздөрү эсинен чыкпайт. Бул жолу да үйүндө жаткан.
– Болду эми, аза күтүп деле бүттүң. Бас, дискотекага барабыз,- деген досунун сөзүнө кол шилтеп койду.
– Жүрү дейм.
– Ой, жайыма койчу!
– Сүйгөнүң кайра келе калбайт, досум, андан көрө...
Ушинтип мыйыгынан күлгөн досунун артынан узата карады.
Ордунан туруп машинесине отурду да, Асел менен биринчи таанышкан жерди көздөй жөнөдү. Мына, ушул жер болчу. Өзүн бир караганда багындырган көз караш, татына жүз, ыйбоо мүнөз кызды ушул жерден тапкан эле. Болду, эми мындан ары минтип чыдай албайт. Абийи­ри кыйнап бүттү. Ушул ой келгенде ордунан тура калып машинесине жөнөдү. Жаш аралаш кыздан кечирим сурап бара жатканын бир билет. ”Мына, өзүм баратам. Өзүмдү кармап берем милицияга. Анткени, мойнумдагы бул күнөө менен жашай албайм. Кечир мени” деп келе жатты. Калганы эсинде жок. Катуу келе жаткан машина аңтарылып кетти.
Эсин жоготуп бара жатып бул жер бая­гы Асел өз жанын кыйган жер экенин таанууга үлгүрдү.

Даярдаган Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 191, 30-июнь-6-июль, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан