Мырза Токтобеков ат спорту боюнча Дүйнөлүк кубоктун биринчи этабында жалгыздап чыгуу боюнча Гран-Приде 1-орунду ээледи. Бул тууралуу КРнын Спорт агенттиги маалымдады. Токтобеков Стамберлайн аттуу аты менен конкур түрү боюнча (ат спортунун бир нече тосмолордон секиртип өтүү түрү) кайра секирүү көнүгүүсүндө (перепрыжка) 1-орунду ээледи. Мелдешке өлкөбүздүн намысын коргоого 4 спортчу катышып, командалык эсепте 2-орунду алышты. Эскерте кетсек, Дүйнөлүк кубоктун 1-этабы 7-апрелден 10-апрелге чейин Ташкент шаарында өткөн.