Алыш күрөшү 2013-жылы Орусиянын Казань шаарында өтүүчү Бүткүл дүйнөлүк универсиаданын программасына киргизилди. Бул жөнүндө Бүткүл дүйнөлүк ФИЛА комитетинин жана кур менен күрөшүүчү Алыш эл аралык федерациясынын башкы катчысы Владимир Грищенков 11-апрелде билдирди. Анын айтымында, бул маселе мартта ФИЛА комитетинин алыш күрөшүнүн президенти Алмамбет Анапияев менен аталган универсиаданын уюштуруу комитетинин жолугушуусунда каралган. Мындан сырткары алыш күрөшү 2011-жылкы Европалык спорт оюндарына, Бүткүл дүйнөлүк Тафис фестивалына (2012-жылы) жана 2013-жылы өтүүчү Бүткүл дүйнөлүк уруш искусстволорунун оюндарына киргизилген.