9-апрелде КРнын футболдук тарыхында алгачкы Суперкубок үчүн беттеш уюштурулду. Кантта өткөн сезонду ачып берген оюнда учурдагы чемпион, кочкор-аталык «Нефтичи» КРнын Кубогунун ээси «Дордойду» 2:1 эсебинде жеңип алды. Жеңиш голун кошумча убакытта команда капитаны Евгений Пилипас пенальтиден киргизген. Бир катар өлкөлөрдө сезондун алдынан өткөн жылдын чемпиону менен Кубогунун ээси Суперкубок үчүн беттешүүсү адатка айланган. Мындай тажрыйба бизде биринчи жолу ишке ашып отурат. Өткөн сезондо сенсация жараткан «Нефтичи» эми минтип туңгуч Суперкубоктун да ээси болуп калды. Эми жаңы сезондо «Нефтичини» ким токтотот болду экен?