Акыркы күндөрү журналисттер актриса Кира Найтлинин жаш рок-музыкант Жеймс Райтон менен көп жүргөнүн байкашкан. Мындан улам маалымат айдыңында «актрисанын жигити сакалчан рок-ырчы» деген кеп тарады. Кира менен Жеймс жабык кечелердин биринде таанышышкан. Эсиңизде болсо, актриса мурунку жигитинен бир нече ай мурун кол үзгөн эле. Эми жүрөгүнүн дартына даба тапкан өңдүү.