2010-жылы күз айларында “In Touch Weekly” журналында “Атактуу футболчу Девид Бекхэм сойкунун кызматынан пайдаланган” деген макала жарык көргөн. Ушул макаланын тегерегинде бир топ ызы- чуу болгон. Натыйжада Девид журналды сотко берген. Сот журналдын пайдасына чечилгендиктен, Девид кайра апелляциялык арыз берүүдө. Аталган журнал болсо сот процессине кеткен каражатты футболчудан төлөтүп алууну көздөөдө.