Назира “Жубайлар” деген тасмада Камчы Сарыбаевдин келинчеги болуп роль жараткан. Анда куудул айым ролун катыра аткарып салганбы, айтор, “Кыргызфильм” студиясындагы Шарип Нурматов аттуу режиссёрдун көзүнө илинип калыптыр. Ал комедия жанрындагы тасмага тартылууга сунуш киргизди. Эми “дагы тасмага тартылсамбы?..” деп ойлонуп жүрөт.
Андан сырткары “Азия Нур” бий тобунун жетекчиси Нурлан Намазбековдун жакында өтө турган концертинде алпаруучу болорун да кабарлады.