Жаңыдан шоу-бизнеске кадам таштаган Санжар режиссёр Ырыс Окенова тартып жаткан “Досумдун сүйгөн кызы” деген тасмага “Бакыт” аттуу ыр жаздырды. Ошондой эле бул тасмада “Мээримим” деген ыры да саундтрек болуп колдонулат экен. Балким, бул жигиттин багы ушул тасма аркылуу ачылып калар, ким билет...