Гүлнур Сатылганова эжекебиз илгери жеңил-желпи ырларды ырдаган чыгар. Бирок акыркы жылдары санга эмес, сапатка абдан маани берип, жалаң салмактуу ырларга басым жасап калганын билебиз. Уккан адамды кайдигер калтырбачу ошондой ырларынын катарын “Асман” аттуу жаңы ыры толуктады. Көк Теңирдин улуулугун ырга салган “Асман” айтылуу режиссёр Эрнест Абдыжапаровго да өзгөчө жаккан белем, азыр жакшы клип тартууга белсенип турган учуру. Күтө туралы, Гүлнур эжекебиз менен атактуу режиссёрдун тандеминен кандай клип жаралар экен.