“Манас” университети 21-апрель күнү Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Жазгы шаң” аттуу кайрымдуулук концертин уюштурууда. Демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жаштардын демилгеси айкалышкан бул концерт Гүлнур Сатылганова, Омар, Каныкей сыяктуу эстрада ырчыларынын коштоосунда өтмөкчү.
Аталган университеттин студенттик кеңешинин өкүлдөрүнүн билдирүүсү боюнча, концерттен түшкөн каражат Ош шаарындагы орто мектептердин бирин жаңы технологиялык жабдуулар менен камсыздоого жумшалмакчы.