Кыргызстанда 32 миңден ашуун адам кант диабетине чалдыккандардын катарында.
Мекенибизде «Чернобыль» АЭСиндеги окуядан жапа чекен адамдардын саны – 1821. Бул окуядан жапа чеккендерге20 000 сом,каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 10 миң сомдон, 1983-89-жылдардагы катышуучуларына 15 миңден жогору бир жолку жөлөк пул берүү каралууда.
Июнь окуясында жапа чеккен үй-бүлөлөргө Ошто 75 квартиралуу 5 кабаттан турган үй курулууда. Ошондой эле Ош шаарындагы Анар кичирайонунда дудук жанакөзү азиздерге берилчү 45 квартиралуу 5 кабаттантурган үйдүн пайдубалы түптөлө баштады.
Экс-башкы прокурор Кубатбек Байболов айткан маалыматтарды иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү.
9-апрелде Нарында 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Кыйроолор болбогону менен, айрым айылдарындагы бир канча социалдык объекттерге зыян келтирилген.
Азимбек Бекназаров президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул орунда азыркы башкы прокурор Аида Салянова иштеп жүргөн эле.
Премьер-министрдин айтымында, май айында Орусиянын “РусГидро” компаниясы Нарын дарыясына жаңы ГЭС куруу ишин баштайт.
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Урмат Барыктабасов баштаган 15 адамдын ишин кароо уланууда. Барыктабасовду прокурор 18 жылга эркинен ажыратууну суранууда.
Өкмөт Нарын облусунун Ат-Башы районунун дыйкандарына бюджеттен каралган 14 миллион 350 сомдук 400 тонна арпа-буудай үрөнүн берет.
Ирандын 1 миллион доллар өлчөмүндөгү жардамы түштүк жергесинде спорттук жайларды курууга жумшалат.
Кыргызстанда калкка психологиялык жардам көрсөтүү жокко эсе.
14-апрелде бекитилген башкы прокурор Аида Салянова: «Ташиевге карата айыптар далилденсе, анда аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча парламенттен макулдук алууга келем»,- деди.
“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун ЮНЕСКОнун мурастар тизмесине киргизүү ниетин аталган уюмдун Кыргызстандагы иштери боюнча комиссиясынын төрагасы Султан Раев билдирди.
15-апрелден тарта Ош облусундагы жер титирөө болгон аймактардагы үйлөр, социалдык объекттер экинчи ирет текшерүүдөн өтөт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
solnyshko
2011-04-23 14:20:13
Июнь окуясынан кийин,жалан гана озбектердин уйу курула баштаган,шылтоо менен озбектер жаны уйдуу болуп калышкан,болону да бышкан кирпичтен уй курушкан,,байкуш кыргыздарга эч нерсе жок,коробуз го 5 кабатту уй кимге болунгонун?
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.