“Кыргызстанда 500 сомдук банкнотту жасалма жол менен көп даярдашат”,- деп билдирет Улуттук банк. Былтыркы жылы жалпысынан жүгүртүүдөн 328 жасалма банкноттор алынган. Алардын 203 даанасы 2000-жылы чыгарылган 500 сомдук банкноттун жасалмасы болгон. Саякбай манасчынын сүрөтү түшүрүлгөн банкноттогу коргонуу белгилерине калктын маани бербегендигинен улам жасалма акча кеңири тарап жаткандыгы жаман иш. Жасалма акчаларды даярдоо гана эмес, аларды таркатуу дагы мыйзам бузууга жатат жана жазага тартыларын, 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратыларын жарандарыбыз эске алып коюшса.