“Ата мекенчи” депутат Карганбек Самаков «өлкөнүн атрибуттарын алмаштыруу керек» деген ойду байма-бай айтууда. Бул жолу «борбордук “Ала-Тоо” аянтын “Манас” деп атоо зарыл» деген пикирин айтып чыкты. Эл өкүлүнүн айтымында, борбордук аянтта жайгашкан түндүк көтөрүп турган аялдын эстелигин алып салып, ордуна Манастын жана хан Бакай менен хан Кошойдун да айкелин орнотуу керек. Ал гана эмес, Бишкектин атын Манас деп өзгөртүү тууралуу да кеп таштаптыр. Депутаттын бул сөзүнөн улам, албетте, эл ичинде ар кандай ой, кайчы пикирлер жаралышы толук мүмкүн. Ал эми бийликтегилер буга кандай карайт, аны да көрө жатарбыз.