Өткөн саныбызда “Апрель окуясында каза болгон баатырдын бири тирүүбү?” деген макала жарык көргөн. Анда окуядан каза таап, “Ата-Бейитке” коюлду деген Маралбек Максымбековдун тирүү экени айтылган эле. Бул маселени көтөрүп чыккан Алтынбек Сулайманов жыйында “баатыр” Маралбек Максымбеков менен өзү Екатеринбургга жиберген журналисттин маегин көрсөттү. Маекте Маралбек өзүнүн каза болгондордун тизмесинде экенин жакында гана билгенин кабарлаган. Депутаттык комиссия бул ишти Башкы прокуратурага өткөрүү сунушун жана Маралбек Максымбековдун уулуна берилген 1 миллион сомду кайтарып алуунун зарылдыгы жок экенин белгиледи.
Ал эми “Мекен шейиттери” коомунун жетекчиси Осунбек Жамансариев болсо: “Маралбектин уулу Эрлан “Орусияга барып атамды таптым” деген боюнча телефонун өчүрүп салды. Ал 2 бир тууган эмес эле, 4 бир тууган экен”,- деп жакасын кармап отурат.