Эки депутаттын 1-апрелдеги мушташы коомчулукту бир дүрбөтүп, маалымат айдыңын укмуш каптаганы маалым. “Алтынбек эле болсо баш ийип кечирим сурабай калсын” деген да басылмалар болду. Ар кандай сөздүн чыга бергенинен уламбы, айтор, 12-апрелде урушкан депутаттар расмий түрдө элдешти. «Жалпы парламенттин жыйыны үзгүлтүккө учурады. Мындай кемчилик үчүн кечирим сурайм. Мындан ары туура эмес иштерди кылбаганга аракет кылам. Камчыбек Ташиев менен ошол эле күнү жигитче элдешип алганбыз. Ортобузга от жагайын деген кээ бир күчтөрдүн аракети ишке ашпайт. Бул кишини мен урматтаймын»,- деди Сулайманов. Ал эми Ташиев: “Эч кандай проблемаларыбыз жок. Баарыбызды ынтымактуу болууга чакырам. Баарыбыз эл үчүн иштейбиз”,- деп айтып, мындан ары бири-бири менен урушпаганга антташышты. Ошентип, кичүүсү улуусуна кол көтөрүп, кызыл чеке болгон ага-инилердин элдешүүсүнүн аягы бири-бирине калпак кийгизип, чепкен жабуу ызаты менен жым-жым болду.