Кыргыз сериалдарынын күйөрмандары үчүн жакшы жаңылык. “Күзгү жалбырак”, “Туңгуюк” тасмаларынын режиссёру Темир Азем уулу эми сериал тартууга киришти. “Азем” студиясында тартылып жаткан “Чындыктын өчкөн изи-2” тасмасы 10 сериядан турат. Эгерде демөөрчүлөр колдоого ала турган болсо, режиссёр тасманы дагы узартууга даяр. Фильм Аксы районунда жана Бишкекте тартылууда.