Фантастика жанрындагы “Гравитация” аттуу космос темасына арналган кинотасма май айынан баштап тартылат. “Мындай тасманы эч ким көрө элек. Бул кино дүйнөсүндө жаңылык болот”,- деп тасманын продюсери баса белгилеп өттү. Башкы ролдорду белгилүү актёрлор Сандра Буллок жана Жорж Клуни аткарышмакчы. Тартуу үчүн миллиондогон каражат жумшалары да маалым.