Голливуддун белгилүү актёру Николас Кейж жакында жубайына зомбулук көрсөткөндүгү үчүн айыпталды. Көчөдө мас абалда аялын жулкулдатып, кыйкырып жаткан актёрду көргөн таксист полицияга чалган. Ошентип, Николас «коомчулукта тынчтыкты бузду» жана «үй-бүлөлүк зомбулук» деген эки берене боюнча айыпталды. Кантсе да аялы эмеспи, Николастын жубайы 11 миң доллар күрөө коюп күйөөсүн камактан бошотуп алыптыр.