АПТА ХРОНИКАСЫ

102 билдирет

ТОНОБОЙ ТОМУРАҢ КАЛ
16-апрелде бычак жана монтировка менен куралданган бет капчан эки киши Военно-Антоновканын 29 жаштагы тургунунун 2-кабатта жайгашкан үйүн тоноо үчүн балкон аркылуу киришкен. Ошол убакта үй ээси үй-бүлөсү менен конок тосуп жаткан. Натыйжада үй ээлери тоноочуларга каршылык көрсөтүп, бирөөсүн кармап калууга жетишкен. Экинчи тоноочу балкондон секирип түшүп, качып кеткен. Колго түшкөн адам Талас районунун 27 жаштагы Ж.Н. аттуу тургуну болуп чыкты. Милиционерлер окуя болгон жерди текшерген учурда скотч менен оролгон монтировка, капрон колготкиден жасалган бет кап жана скотчтун оромун табышкан. Кармалган адам учурда убактылуу кармоочу жайда. Каракчылык боюнча кылмыш иши козголуп, экинчисин кармоо чаралары жүргүзүлүүдө.

АБАЙЛАГЫЛА! ЖАСАЛМА АКЧАЛАР!
11-апрель күнү борборубуздагы акча алмаштыруучу жайлардын биринен А.К. аттуу адам 1800 еврону сомго алмаштырып жатканда анын 200 евролук бир купюрасы жасалма экендиги байкалган. Акча алмаштыруучу жайдын кызматкерлери бул боюнча Улуттук коопсуздук кызматына билдиришкен. Чекисттер банкнотту экспертизага жөнөтүшкөн. Текшерүүдө банкноттун жасалма экендиги аныкталган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкек шаардык прокуратурасына өткөрүлүп берилди. Ал эми 18-апрелде Манас районунун чек арачылары “Чоң-Капка” өткөрүүчү пунктунда 24 жаштагы Кыргыз жаранын текшерүү учурунда анын жанынан 200 сомдук 30 даана бир сериядагы (ВВ 1640201 номерлүү) купюралар табылып, тартылып алынган. Кармалган адам УКМКнын райондук бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

ТАЛАШ ӨЛҮМГӨ АЛЫП КЕЛДИ
17-апрелде болжол менен түнкү саат 23:30да Базар-Коргон РИИБине “Базар-Коргон айылындагы Ынтымак көчөсүндө мушташ болуп, бирөөнү бычактап өлтүрүп койду” деген кабар түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери бул факт боюнча кылмыш ишин козгоп, атайын иш-чараларды өткөрүшкөн. Анын жыйынтыгында изи сууй элегинде “кылмышка шектүү” деп жергиликтүү тургун кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кармалгандын алдын ала берген маалыматы боюнча, кылмыш үй-бүлөлүк талаштан чыккан. Азыркы убакта иликтөө иштери жүрүүдө.

101 билдирет

100 ТОННА ЧӨП КҮЙДҮ
17-апрелде Сузак районунун Кайнар айылынын Паязов көчөсүндөгү үйдүн короосунда 100 тонна чөп күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуу себеби аныкталууда.

КОЛУ КҮЙҮП КАЛДЫ
17-апрель күнү Бишкек шаарындагы Жибек Жолу көчөсүндө жайгашкан “Гарантия” автоунаа оңдоочу жайынан өрт чыккан. Зымдардын тийишүүсүнөн келип чыккан өрт 20 чарчы метр шыпты жалмап кеткен. Ал эми 1987-жылы туулган уста колунан 3-даражадагы күйүк алып, шаардык 4-ооруканага жеткирилди.

БАЛАҢА ШИРЕҢКЕ БЕРБЕ
17-апрелде Кара-Суу районунун Кыргызстан айылындагы үйдөн өрт чыгып, анын 12 чарчы метр чатыры жана тоютка деп даярдалган 40 боо жүгөрү күйүп кеткен. Өрт 4 жашар баланын от менен ойногонунан чыккан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 442, 22-28-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан