«ШАЛЬКЕ 04» ДӨӨЛӨРГӨ КАРШЫ

УЕФАнын Чемпиондор Лигасында чейрек финалдык оюндар аяктап, жарым финал өз каармандарын тосуп алды. Өткөөл чемпион «Интердин» «Шалькеге» жарым финалда дебют жасоого жол бергени жана «Реалдын» лондондук «Тоттенхэмди» талкалап, жети жылдан соң бул секини багындырышы башкы окуя катары бааланууда.
Англиялык чейрек финалда «Челсинин» «МЮга» жеңилишинен кийин Абрамович келерки жылдын Лигасын күтүүгө аргасыз. Ал эми КМШнын жүзү украиналык «Шахтёр» «Барселонага» каршы эч нерсе ойлоп таба албады. Божомолдорго келсек, билермандардын «МЮ»- «Барса» финалын четке каккан Моуринью «Реал»-«МЮ» идеалдуу финал болот» деп Барселона тарапка таш ыргытты. «МЮ»-«Шальке 04» тирешүүсүндө жеңиш эбак «Кызыл ажыдаарларга» «ыйгарылган». Эске салсак, жогорудагы төртиликтин ичинен бир гана «Шальке 04» Чемпиондор Лигасында жеңиш даамын тата элек. Жарым финалдык оюндар 26-27-апрелде жана 3-4-майда өтөт.
Чейрек финалдагы эсептер:
«Шальке 04»-«Интер» – 2:1 (алгачкы оюн 5:2)
«МЮ»-«Челси» – 2:1 (1:0)
«Тоттенхэм»-«Реал» – 0:1 (0:4)
«Шахтёр»-«Барселона» – 0:1 (1:5)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 442, 22-28-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан