«Кичинемде атама аябай жакын элем. Бирок ажалга айла жок тура. Мындан бир жыл мурун атамды колубуздан жулуп кетти...»- деп кейиген ырчы Роза Шакирова атасынын элесине арнап эстелик жасатууда. «Буюрса, май айында эстеликти тургузуп, куран окутуп келем»,- деп даярдык көрүп жатат.