Телеалпаруучу Максат Довранов модельер-конструкторлук кесипти аяктаар замат дипломун сандыкка катып, алпаруучулукка өтүп кеткен эле. Окутуучуларынын “кесибиңди алып кете албадың” деген сөздөрүнө арданган Максат учурда кийимдердин коллекциясын даярдап жатат. Эки сөзүнүн бири «кана, достор», «мына, достор» деген Максаттын колунан кандай кийимдер жараларын күтө туралы.