“Тамашоудогу” “Юристтер” командасынын капитаны Нургазы учурда жүрөгүн мыкчып жүрөт дешүүдө. Эмне болгонун сурап куудул жигитибизге чалсак, “бир жылдан бери Сымбат деген кыз менен сүйлөшүп жүрчүмүн. Менин эмнемди жактырбай калды билбейм, айтор, башка жигиттин колун кармап кетти” дейт капаланып. «Убакыт дарылайт» демекчи, сенин жүрөгүңдү багынтар кыз да табылат, капаланба дедик.