АБАЙЛА, АЙДООЧУ, АЙЫПТАР ӨСТҮ!

“Рулда баратып телефон менен сүйлөштүңбү? – 200 сом! Коопсуздук кайышын тагынбай баратасыңбы? – 300 сом!..”
Учурда рулдагы айдоочулар арасында бир гана нерсе, айыптардын өлчөмүнүн өскөндүгү тууралуу маселе кызуу талкууга алынып жаткан кези. “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодексине толуктоолор жана өзгөрүүлөр киргендигин билбей, айыптардын өлчөмүнө нааразы болуп жаткан айдоочулар да жок эмес. Андыктан, Бишкек шаардык БИИБинин Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкармалык (ЖККБ) башчысы Токтосун Сатаровду кепке тартып, айыптар туурасында маектештик.

- Токтосун Сапарбекович, айыптардын өлчөмүнүн өскөнүнөн улам айрымдар “жакшы болду, жол кырсыктары азаят” дешсе, айрымдар “мамлекеттин же МАИчилердин чөнтөктөрүнө түшчү акча да” деп нааразы болушууда. Сиз эмне дейсиз?
- Айыптар “мамлекеттин эсебине түшөөр акча көбөйсүн” деген максатта көтөрүлгөн жок. Жол кырсыктарынан улам канчалаган жарандар каза табышат. Алардын көзү тирүү болсо, мамлекетке канчалаган пайда алып келишмек да. Андыктан, “мамлекет же МАИчилер өзүнө түшөөр пайданы көздөп эле...” деген ойлорду туура эмес деп айтаар элем. Айыптар жол кырсыктарын азайтуу, жол тартибин жөнгө салуу үчүн көбөйтүлдү. Мурдагыдай 50 сом эмес, эки-үч ирет 500 сомдон айып төлөгөн айдоочу деле “улам акчамды чача бергенден көрө тынч эле тартипти бузбай айдайын” деп ойлонот да.
- Учурда рулда жүргөндөр “МАИчилер баягыдай акча албай калышыптыр, “айыпты кассага төлө” деп кагазын жазып берип, айдоочулук күбөлүктү алып коюп жатышат” дешүүдө...
- Ооба. Биздин кызматкерлер эми жол эрежесин бузгандардан акчалай айып алышпайт. Кандай эреже бузуу болбосун, протокол түзүп, айдоочуга бир айлык мөөнөткө убактылуу күбөлүк жазып берип, айдоочулук күбөлүгүн алып коюшат. Айдоочулар бир ай ичинде биздин кассага келип, жазылган айыбын төлөп, айдоочулук күбөлүктөрүн алып кетүүлөрү керек. Мурдагыдай убактылуу күбөлүктүн мөөнөтүн узартуу деген нерселер жок. Эгер мас абалында машина айдап жүргөн болсо, 2000 сом айып же 6-12 айга чейин айдоочулук укуктан айрылуу жазасы да бар.
- Айдоочуларга талап катуулаптыр. Жол кырсыгына жөө жүргүнчүлөр себепчи болгон учурлар да кездешпей койбойт. Алар да жазасын тартышабы?
- Эреже бузган жөө жүргүнчүлөргө салынуучу айыптар мурдатан эле бизде бар. Мисалы, жөө жүргүнчү, велосипед, мопед айдаган адам атайын тилке жок жерден жолдун аркы өйүзүнө өтүп кетет. Же жашыл жарыкка карабай өтөт. Жүрүп бараткан унаанын алдынан чыга калат дегендей... Аларга 50 сом айып салынат.
- Аларга да протокол түзүлүп, айыпты кассага төлөшөбү?
- Жок. Биздин кызматкерлер ошол жерден эле айып салып, квитанциясын кесип беришет.
- Талаптар мурдагыдан катуулаганы жакшы нерсе. Бирок, инспекторлорду тоготпой кеткен, ар кайсы тууганына, шефине телефон чалам деп коркуткан “крутойлор” менен күрөшүүнүн айласын да таба алдыңарбы?
- Инспектордун ишаратын көрмөксөн болуп токтобой кетип калуу, же токтоп алып кайсы бир чоңдун атын айтып, “кызматтан айдатып ийем” деп коркутуу, чоңдордун визиткасын көрсөтүү деген өңдүү адаттар бизде өзгөчө өнүккөн эмеспи. Мындай баш ооруну жоготуу үчүн азыр жалаң офицерлерден турган топторду жолго чыгара баштаганбыз. Эгер тартип бузган адам инспекторлорду коркутуп кирсе, ал жерге биздин офицерлер тобу барып, айдоочунун күбөлүгүн алып же машинасын айыпкер автолорду токтотуучу жайга алпартып коюшат. Алгач тимеле кыйын болуп жаткан айдоочулар офицерлердин мамилесин көргөндө жели чыгып, талапты аткарууга аргасыз болушат. Айтор, азыр мындай крутойлорду ооздуктоонун да жолун таптык көрүнөт.
- Ал эми айдоочулардан пара алган кызматкерлерге кандай жаза берилет?
- Эми аны биринчи кезекте далилдеп берүү керек. Айтып коюу оңой да.
- Эгер далилдеп берип же “пара талап кылып жатат” деп кайрылышсачы?
- Анда өздүк коопсуздук боюнча кызматкерлер барып териштирип, кызматкердин пара алгандыгы же талап кылып жаткандыгы далилденсе, ал кызматтан айдалат. Ал адам кайра милиция кызматына жумушка алынбайт. Жообум сизди канааттандырдыбы?
- Албетте. Убактыңызды бөлүп суроолорубузга жооп бергениңизге рахмат.
- Силерге да рахмат. Ишиңерге ийгилик!

Даярдаган: Шаиста Шатманова.

Айыптардын жаңы өлчөмү

(Төмөндөгү күнүмдүк турмушта кездешен тартип бузуулар көрсөтүлдү)

Берене

Кандай Учурда

Айып, жаза

Кошумча

224

Автоунаага жакшы окулбаган номер тагып , номерин атайы жаап, же чечип салган айдоочуларга

500 сом

Унаа атайы жайга токтотулат. Мамлекеттик номери алынат.

Автоунаага башка машинанын номерин тагып айдап жүргөндөргө

1000 сом

Унаа атайы жайга токтотулат. Мамлекеттик номери алынат.

225

Техникалык кароодон өтпөгөн автоунааны айдап жүргөндөргө

300 сом

227

Айдоочулар жана жүргүнчүлөр коопсуздук кайышын жана мотошлемду пайдаланышпаса

200-300 сом айып же эскертүү берилет

232

Автоунаанын ылдамдыгы бекитилген ылдамдыктан 20 км/саатка чейин өтүп кетсе

150 сом

Ылдамдык 20 км/сааттан да ашып кетсе

200-300 сом айып же 3-6 айга чейин айдоочулук укуктан ажыратылат

Сот аркылуу

Автоунаанын ылдамдыгы бекитилген ылдамдыктан 40 км/саат ашып кетсе

800 сом же 6-12 айга чейин айдоочулук укуктан ажыратылат

Сот аркылуу

233

Жол чыракка, же жол кыймылын жөнгө салып турган инспектордун ишаратына карабай өтүп кетсе

300 сом

234

Мыйзамдуу түрдө токтоону талап кылган милиция кызматкеринин талабын аткарбаган айдоочуга

1000 сом же 6-12 айга чейин айдоочулук укуктан ажыратылат

Сот аркылуу

238

Мас абалында, баңгизатын, же мас кылуучу башка каражаттарды пайдаланган соң машина айдап жүргөн айдоочуга

1500 сом же 1-2 жылга айдоочулук укуктан ажыратылат

Сот аркылуу. Унаа атайы жайга токтотулат. Мамлекеттик номери алынат.

Жогоруда аталган тартип бузуу жол кырсыгына алып келер кооптуу абалды пайда кылса

2000 сом айып же 2-3 жылга чейин айдоочулук укуктан ажыратылат

-

Аталган тартип бузуудан улам жабырлануучунун ден соолугуна жеңил жаракат келсе, же унаасын жарактан чыгарса

2000 же 3-4 жылга чейин айдоочулук укуктан ажыратылат

-

1-бөлүктө көрсөтүлгөн тартип бузуу айдоочудук күбөлүгү жок жаран тарабынан жасалса

Админс-к камак. 10 сутка. Же 200 сом айып салынат

Унаа атайы жайга токтотулат. Мамлекеттик номери алынат.

1-3 бөлүктөрдө көрсөтүлгөн тартип бузуулар айдоочулук укугу жок жарандар тарабынан 1 жыл ичинде бир нече жолу жасалса

15 суткага камак

Унаа атайы жайга токтотулат. Мамлекеттик номери алынат.

1-бөлүмдө көрсөтүлгөн тартип бузуудан улам жазаланган соң 1 жыл ичинде кайра кайталанса

3-4 жылга чейин айдоочулук укуктан ажыратылат

Унаа атайы жайга токтотулат. Мамлекеттик номери алынат.

Мас, баңгизатын пайдаланган адамга машинаны айдатып койгон айдоочуга

2000 сом

Унаа атайы жайга токтотулат. Мамлекеттик номери алынат.

Наркологиялык текшерүүдөн өтүүдөн баш тарткан айдоочуларга

15 суткага административдик камак

Унаа атайы жайга токтотулат. Мамлекеттик номери алынат.

239

Рулда баратып сүйлөшүүгө ылайыкталган жабдуусу жок, автоунаа айдап баратып телефондо сүйлөшкөн айдоочуга

200 сом айып же эскертүү берилет

240

Өткөөлдөрдөн, темир жолдон өтүү эрежесин бузган айдоочуга

500 сом

Жогоруда көрсөтүлгөн тартип бузуу жашы жете элек өспүрүм тарабынан жасалса

Ата-энесине 500 сом айып салынат

241

Жол эрежелерин бузуп, жол кырсыгына алып келер абалды түзсө (башка айдоочуларды кескин түрдө тормоз тебүүгө, карама-каршы агымга чыгууга мажбур кылса)

500 сом же 3-12 айга чейин айдоочулук укуктан ажыратылат

Сот аркылуу. Унаа атайы жайга токтотулат. Мамлекеттик номери алынат.

Жөө жүргүнчүлөр, велосипед, араба айдагандар жол кырсыгына алып келер абалды түзүшсө

200 сом

Жогоруда 1-бөлүмдө көрсөтүлгөн тартип бузуу жабырлануучуга материалдык чыгым алып келсе

1000 сом айып же 1-2 жыл айдоочулук укуктан ажыратылат

Унаа атайы жайга токтотулат. Мамлекеттик номери алынат.

Жогоруда 1-бөлүмдө көрсөтүлгөн тартип бузуу жабырлануучунун ден соолугуна жеңил жаракат келтирсе

2000 сом айып же 2-3 жылга айдоочулук укутан ажыратылат

Унаа атайы жайга токтотулат. Мамлекеттик номери алынат.

242

Жол эрежесин бузган айдоочунун айынан жабырлануучунун ден соолугуна жеңил жаракат келтирилсе

1000 сом айып же 1-2 жылга чейин айдоочулук укуктан ажыратылат. жабырлануучунун дарыланууга кеткен чыгымын төлөп берет

Сот аркылуу.

Унаа атайы жайга токтотулат. Мамлекеттик номери алынат.

Жогоруда 1-2- бөлүктөрдө көрсөтүлгөн тартип бузуулар жашы жете элек өспүрүм тарабынан жасалса

Ата-энесине 500 сомайып салынат

243

Айдоочулук күбөлүгү жок автоунаа айдап жүргөндөргө

500 сом

Унаа атайы жайга токтотулат. Мамлекеттик номери алынат.

Айдоочулук күбөлүгү жок жаранга автоунааны айдоого берген жаранга

300 сом

Унаа атайы жайга токтотулат. Мамлекеттик номери алынат.

244

Жанында тиешелүү документтери жок автоунааны айдап жүргөндөргө

50-100 сом

Унаа атайы жайга токтотулат. Мамлекеттик номери алынат.

247

Жол эрежелерин бузган жөө жүргүнчүгө, автоунаадагы жүргүнчүгө

10-30 сом

Мопед, велосипед, араба айдагандар жол эрежесин бузса

20-50 сом

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 303, 22-28-август, 2008
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан