«Маш ботой», «Көйрөң күү», «Чайкама» сыяктуу күүлөрдү чертип көпчүлүккө сүймөнчүк болгон 12 жаштагы ырчы, комузчу Милана 12-майда Опера жана балет театрында жеке концертин берет. Концертинде Майкл Жексондун ырын пародиялап, чыгыш бийин чимириле бийлейт экен.
Шоу-бизнес чөйрөсүнө кадам таштаган жаш ырчынын «Кичине балаты», «Эркин элим» деген клиптерин www.super.kg сайтыбыздагы Медиа-порталдан көрүп, баа берсеңиздер болот.