Ырчы болсом деп ак эткенден так этип жүргөн улан-кыздар, жакшылап көңүл бөлүп окуңуздар. Бек Борбиев агабыздын учурда “таланттуу жаштардан куралган топ ачсам” деп чамданып турган кези. Ал тургай таланттарды тандоо үчүн кастинг өтүүчү жайды да аныктап койду.
Эгер Берадор мырзанын өзүнөн тарбия алып, сахнага кадам таштагыңыз келсе, 28-апрель күнү, саат 12:00дө Спорт Ордосуна барыңыз. Ийгилик жылмайса, топко кошулуп каларсыз. Чынында, бул ырчы мырзанын колдоосу менен ыйык сахнага кадам койгондор жаман болгонун көрө элекпиз. Асел Турдалиеваны эле эске алсаңыз жетиштүү болор.