Муздаткычта кезек күткөндөр

Башкалаанын Байтик баатыр-Донецк көчөлөрүнүн кесилишинде анчалык чоң эмес имарат турат. Эртели-кеч ал жерден ак халатчан студенттерди көрүүгө болот. Сыртынан караганда кадимки жай турмуштун көрүнүшү. Дал ушул имараттын калың дубалдарынын артында бул дүйнөнүн түйшүгүн биротоло унутуп, түбөлүк уйкуга кирген маркумдар жатат. Биз бул имаратка башбагып, КРнын соттук-медициналык экспертиза бюросуна караштуу шаардык өлүккананын абалы менен таанышып чыктык.
«сөөк бул жайда бир айга чейин сакталат»
Окурмандарга өлүккана тууралуу маалымат бе­рүү үчүн Кыргыз Республикасынын соттук-медициналык экспертиза бюросунун башкы эксперти Табалды Маатсаковдон урук­­­­­сат алып, материал даярдоого кириштик. Алгач бул бюродогу бөлүм башчы Мелис Шергазиевди кепке тарттык. Ал бизди темирдей бекем эркти жана нервди талап кылган жумушу менен тааныштырды.
– Мелис Абдыла­сович, маркумдар менен иштөө оңой эмес болсо керек...
– Чындыгында эле, бул жерде иштөө өтө оор. Бардык эле адамдар мында иштей албагандыгы анык нерсе. Биринчиден, токтоолукту талап кылат. Экинчиден, бул жерде иштөө менен өз денсоолугубузду да тобокелге салабыз. Мисалы, мен сарык оорусун жугузуп алгам.
– Бул жайга өлүктөр кандайча келип түшөт?
– Бизге маркумдарды соттук-медициналык экспертизадан өткөзүү үчүн алып келишет. Милиция кызматкерлери аркылуу маркумдун кайсы жерде, кандай абалда каза болгону иликтенип, сүрөткө тартылат. Ошентип, иликтөөчү токтом чыгаргандан кийин гана сөөк биздин мекемеге келип түшөт. Андан кийин биз өзүбүздүн иликтөөнү баштайбыз. Маркумду союп, эмнеден каза тапканын аныктайбыз.
– Бул жерде өлүктөрдү канча күн кармайсыңар?
– Ар кандай. Өлүмдүн себеби толук анализделип бүтмөйүнчө сөөк берилбейт. Кээде сөөктү таанууга эч ким келбеген учурда бир айга чейин өлүк бул жерде сакталат. Эгер бир айдын ичинде маркумдун сөөгүн жакындары алып кетишпесе, анда биз өзүбүз көмүүгө жиберебиз. Алардын көпчүлүгү үй-жайы жок, көчө кезип калгандар болуп чыгышат. Белгилүү театр жылдызы Бакен Кыдыкееванын сөөгү да ушундай тагдырга туш болгону кейиштүү. Негизи, адам каза тапкан соң таанылгыс болуп өзгөрүп кетет эмеспи. Алгач биз деле Бакен эже экенин тааныган эмеспиз. Кийин балдары келип сөөктү алып кетип жатканда гана билдик. Мындай учурлар көп эле болот.
«Сөөктү бузбай сактоо – биздин милдетибиз»
P.S. Бул жайда иштегендердин айтымында, маркумдардын туугандары “акча жок” деп өлүктү алып кетүүдөн баш тарткан учурлар да кездешет экен. Мындай себептер менен өлүкканада бир ай туруп калган сөөктөр маркумдарды тейлөөчү бюрого тапшырылат. Ортодогу келишимдин негизинде ал бюро маркумду сыйы менен жерге берүү милдетин моюнга алат. Сотмедэкспертизанын кызматкерлеринин айтымында, бир айда болжол менен эч ким тараптан таанылбай калган 50дөй маркум жерге коюуга берилет экен. Кызматкерлерден мындай маалыматтарды уккан соң маектешим менен кепти уладык.
– Сөөктү керектүү убакытка чейин бузбай сактап туруу үчүн мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнүп берилеби?
– Маркумдардын туугандарынан бир күнгө 55 сомдон акча алынат.
– Бир күндө бул жайга канча маркум келип түшөт?
– Ар кандай. Күнүнө 15тен көп түшкөн күндөр болот. Кээбир күнү таптакыр келбеген учурлар да болот. Эң өкүнүчтүүсү, майрамдарда аябай көп келет. Мындай күндөрү ичимдикке кызып алышып, ар кандай мушташтардын айынан каза тапкандар болот.
– Сөзүңүзгө аралжы, “өлүктү сойдурбайбыз” деп туугандары чыр салган учурлар деле болсо керек?
– Албетте, болот. Бирок, биздин милдет – маркумдун эмне себептен өлгөндүгүн аныктоо. Кээде маркумдун өлүмүнүн себебин тактоо үчүн бир ирет союлуп, текшерилген сөөктү кайра бир нече ирет сойдурушкан учурлар да болот.
– “Союлуп, текшерүүгө алынган маркумдардын кээбир органдары донорлукка берилет” дегендин чын-бышыгы канча?
– Мындай нерсе бизде болбойт. Бизге маркумдар ар кандай шартта каза болушуп, бир топ убакыт өтүп калгандан кийин алынып келинет. Ал эми бейтапканаларда каза болгондор биздин өлүкканага эмес, башка уюмга жиберилет. Ал жерде маркумдардын айрым органдары донорлукка мыйзамдын чегинде, эгер тууган-туушкандары макул болсо берилиши мүмкүн. Бирок, мындай көрүнүш – биздин мамлекетте сейрек кездешчү нерсе.
Маектешибиз жогорудагыларды бизге кеп салып берген соң ушул эле мекеменин жертөлөсүндөгү өлүкканага кирип, ал жердин ал-акыбалын билүүнү чечтик. Тепкич менен түшүп келе жатканда эле каңырсыган жагымсыз жыт каңылжаарды жарып кетти. Алгач өлүктөрдү союп изилдөө бөлмөсүнө башбактык. Каза тапкан жаш кызды союп, ички органдарын чыгарып жатышкан учурга туш болдук. Жертөлөдө сөөктү союп текшерүүчү эки жай бар экен. Ар биринде экиден операциялык стол турат. Биз киргенде төрт стол тең бош эмес экен. Анткени, бул күнү түшкө чейин эле алты маркумду алып келишиптир. Бул жайда жүргүзүлүп жаткан иш процессине дит багып карап тура албадык. Ошентсе да, сотмедэкспертиза кызматкерлерине суроо бербей койгон жокпуз. Ушул тапта бөлмөдөгү кызматкерлердин бири колундагы колкаптарын чече баштаганынан “иши аяктап калды” деп божомолдоп, аны кепке тарттык.
– Бул жерде иштеге­ниңизге канча жыл болду?
– Он бир жыл болду.
– Жумушуңуз коркунучтуу экен...
– Бул менин жумушум. Өлүктөрдөн коркуунун кереги деле жок. Алар сени эч нерсе кылбайт. Биз көнүп калганбыз. Албетте, күн сайын эле ар түрдүү өлүм менен келген сөөктөрдү көрө бериштин өзү эле адамдын психикасына чоң таасирин тийгизет. Мындай жумушта иштөө үчүн өтө токтоо болуп, жийиркенүү сезимиңди басышың керек. Себеби, бул жерде дайыма жагымсыз жыт чыгып турат. Сөөк жыттанып кетпеш үчүн маркумдун ичеги-карындарын медициналык жолдор менен тазалап чыгабыз. Андан кийин сөөктү “формалин” деген зат менен, мындайча айтканда, маркумдун ар бир ички органдарын жууп чыгабыз. Бул зат өлүктү катырып салат.
маркумдар сакталган муздаткыч
Андан ары бизге баятан бери өлүккана тууралуу баяндап берип жаткан Мелис агай жертөлөнүн эң түпкүрүндө жайгашкан сөөк сакталуучу муздаткычтарды көрсө­түүгө басты.Бул өтө калың темир эшиктер менен жабылып, толугу менен цементтелген жай экен. Ичин ача бергенде муздак аба менен кошо жагымсыз жыт келип турду.
Ооз жагында эле кырктай өлүк жатканын байкадык. Же түшүп кеткенин, же атайылап эле жерге таштап койгондору белгисиз, маркумдардын сөөктөрү жерде да жатат. Ичи караңгы болсо да, бул жайдын бир топ эле чоң экенин баамдай алдык. “Бул жер канча өлүккө эсептелген?” деген сурообузга “бир топ эле” деген так эмес жооп алдык. Бирок, баарыбир сурамжылап жатып, бул сөөк сактоочу муздаткычтар бир чоң шаардын калкына ылайык эсептелгенин билдик.
Биз муздаткычты карап жүргөндө жертөлөдөгү сөөктөр­дүн саны дагы бирөө менен толукталды. “Муунуп өлүптүр” дешип бир адамдын сөөгүн изилдөөгө алып келишти. “Эми кызматкерлерге жолтоо болбойлу” деп жертөлөдөн чыгып кеттик. Дене-боюңду дүрүлдөтө каңылжаарды жарган жыт бул күнү кечке мурдубуздан кетпей жүрдү. Мындай каңырсыган жытка дайыма аралашып жүргөн кызматкерлер түркүн гүлдөрдүн же атырлардын не бир ажайып жыттарын байкабай, билбей калышчудай туюлуп жатты. Негизи, өлүк үч күндөн кийин эле зыяндуу зат бөлүп чыгара баштайт экен. Мусулманчылыкта “сөөк муздай электе жерге берүү керек” деген шарт да, балким, ушул себептен чыккан чыгаар.
Ал эми “качан топуракка коюла­быз?” деген сыяктанып муздаткычта кезек күткөн өлүктөрдү эстегенде жүрөк зырпылдап, маанайың сууй түшөт экен.
Өмүр менен өлүмдүн түбөлүк тирешип келиши бул – жашоо. Адам баласы төрөлгөндөн баштап эле жашоонун ачуу- таттуусун көрүп күн өткөзүп келе берип, бир саам да өлүм жөнүндө ойлогусу келбейт эмеспи. Бирок, бул жазыктан эч ким качып кутулган эмес. Ошентсе да, алдыда турган өмүрдү татыктуу жашап өтүү ар бир инсандын өз колунда.


Даярдаган Бахияна Сатылганова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 303, 22-28-август, 2008
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан