1986-жылдын 26-апрелинде болгон “Чернобыль” АЭСиндеги авариянын 25 жылдыгы белгиленмекчи. Иш-чаранын алкагында өкмөт анын катышуучуларына 15 миң, майып болгондорго 20 миң, каза болгондордун жакындарына 10 миң сомдон бир жолку жөлөк пул берүү чечимин чыгарды.
Кыргызстанда 322 адам гемофилия дарты менен катталган. Алардын40 пайызы жаш балдар.
Кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү уюштуруучулук роль жергиликтүү бийликтерге өтмөкчү.
2011-жылдын 1-апрелине карата Бишкекте 160 миң автоунаа катталып, ал өткөн жылга салыштырмалуу 18 миңге көбөйгөн.
Кыргызстандын абактарында өлүм жазасына өкүм кылынган 147 адам отурат.
Түркиянын Кызыл Жарым Ай коому менен ЮСАИД Ош облусунун дыйкандарына 220 тонна үрөн беришти.
Ысык-Көл облусунда 2011-жылдын 1-январынан тартып 15-апрелине чейин милиция кызматкерлери тарабынан 204 килограмм 547 грамм баңгизаттары алынган.
Өлкөбүздө жалпысынан 2050 мечит болсо, аларда 3 миң имам кызмат өтөйт. Ошондой эле 3 Ислам университети, 7 институт, 52 медресе бар. Ислам багытында 3 миңге жакын студент билим алууда.
“Кыргызстан Орусияга болгон карызынын 14,3 миллион долларын кайтарып берди”,- деп билдирет КРнын Каржы министрлиги. Буга чейин Кыргызстандын Орусияга болгон карызы 548 миллион долларды түзөрүн, мында 198 миллион доллар мурдагы карыз болсо, 350 миллион доллар 2010-жылы насыя түрүндө алынганын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирген.
2010-жылы кыргызстандык мигранттар өлкөбүзгө 1 миллиард 664 миллион доллар которушкан. Анын 90-95 пайызын Орусияда эмгектенген атуулдар жөнөтүшкөн. Эгемендикти алган жылдардан бери Орусия Федерациясынын атуулдугун 270 миң кыргызстандык алган.
Депуттар Ак үйдүн аурасынтазалаш үчүн өздөрүнүн бир күндүк айлык акысынан 7 кой союп, кан чыгарышты. 7 койдун экөө Балдар үйүнө, дагы экөө мечитке жана Карылар үйүнө бөлүштүрүлдү.
ЖКнын төрагасы Ахматбек Келдибеков: «БШК «Бүтүн Кыргызстан» партиясын парламентке өткөрбөш үчүн шайлоонун жыйынтыгын 2 ай бою жарыялаган эмес»,- деди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.