19-апрелде президент Роза Отунбаева “Апрель элдик революциясынын баатыры” атайын төш белгиси менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, 2010-жылдын 6-7-апрелиндеги окуялардын катышуучуларынын коррупциялашкан режимди кулатуудагы өзгөчө сиңирген эмгегин таануу иретинде, патриоттуулукка тарбиялоо максатында 1163 адам төш белги менен сыйланат. Мындай төш белги алып, баатыр аталган адамдардын арасында бир канча саясий партиялардын, коомдук кыймылдардын өкүлдөрү, депутат, губернаторлордун аты-жөнү көзгө илинет.