Курсан Асанов ИИМдин түштүк аймагы боюнча орун басары жана Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын кураторлук кызматын аткаруучу болуп дайындалды. Оштогу сапарында Атамбаев партиялашын бул кызматка койгонунун себебин элдин милицияга болгон ишеничин кайтаруу, улут аралык ынтымакты сактоо максатында деп түшүндүрдү. Курсан Асанов ЖКнын жыйынында депутаттык мандатын тапшырып, “мага жүктөлгөн жоопкерчиликти кесиптик сыймык катары баалайм. Жүктөлгөн милдетти аткарууга даярмын”,- деп айтты. Ачык айтылбаса да, Атамбаев шайлоо алдынан ишенимдүү адамын түштүккө жибергени түшүнүктүү болуп калды.