КАРИБ ДЕҢИЗИНИН КАРАКЧЫЛАРЫ

Режиссёру – Гор Вербински
Сценарийдин авторлору – Тед Эллиотт, Терри Росси
Башкы ролдордо:
Капитан Жек Воробей – Жонни Депп
Уилл Тёрнер – Орландо Блум
Элизабетт Суэнн – Кейра Найтми
Капитан Барбосс – Жеффри Раш
Капитан Норрингтон – Жек Дэвинпорт

Фильмдин кыскача мазмуну
Кариб деңизи. 17-кылым. Капитан Жек Воробейдин «Кара бермет» деп аталган кемесин душманы капитан Барбосс уурдап кетет. Ал кемени уурдоо менен эле чектелип калбастан, губернатордун Элизабет аттуу кызын кошо уурдайт. Элизабеттин кичине кезинен берки досу Уилл Тёрнер менен Жек Воробей биригип, эң тез жүрүүчү кемеге түшүшүп Элизабет менен «Кара берметти» кайтарып алуу үчүн душмандардын артынан кууп жөнөшөт. Ал жакта көптөгөн кыйынчылыктарга учурашып, адамдардын сөөк­төрү менен уруш­канына карабай жеңиш менен кайтышат.

Фильмдин тартылышы тууралуу кээ бир маалыматтардан
17-кылымдагы окуяны сүрөттөгөн «Кариб деңизинин каракчылары» 2002-жылы 9-октябрда тартыла баштаган да, ага жалпысынан 125 млн. доллар сарпталган. Бул фильмди «Титаник», «Пёрл Харбор» фильмдери тартылган эбегейсиз чоң жасалма бассейнде тартышкан. Съёмка узакка созулгандыктан, съёмкалык топтун көпчүлүгү деңиз оорусу менен оорушкан экен. Бир күнү кокусунан өрт чыгып кетип, арендага алган жерге зыян келтиргендери үчүн 350 миң долларга чыгым болгондору жөнүндө маалымат бар. Фильмде Жонни Депптин кийимдери атайын анын денесиндеги татуировкаларды көрсөт­пөө үчүн тандалып алынган. Фильмдеги Жек Воробейдин колундагы татуировка чыныгы татуировка эмес болчу. Кийин фильм экранга чыкканда Депп колуна дал ошондой татуировка тарттырган. Ошондой эле анын оозундагы алтын тиштерин көрсөт­пөө үчүн аларды тиш имплантанттары менен жабышкан.

Фильмдеги байкалбаган каталар

  • Жек Воробей портто турганда катуу шамал болуп, чачтары учуп жаткан болот. Ошол эле кадрда көз ирмемден кийин бая­гы шамал тургай жел да жок болот.
  • Жек Во­­ро­бей штурвалда туруп: «Палубага өткүлө, иттер!» деп кыйкырып жатканда оң жагынан жакшылап байкаган кишиге ак футболка, шляпа кийген съёмкалык топтун бир мүчөсү көрүнөт.
  • Порт-Ройял шаарынын жашоочуларынын бутунан резинка тапочкаларды көрүүгө болот. А андай тапочкалар 20-кылымдын ортосунда гана чыгарыла баштаган.
  • Фильмдин ая­гын­да Жекти суудан бортко алып чыгып жатышканда ал бүт бойдон суу болуп, кийимдеринен, чачтарынан суу агып жат­кан кадр бар. Ошондон кийинки эле кеменин үстүндө турган кадрда ал купкургак бойдон турган болот.

Катышкан актёрлор тууралуу кыскача маалымат
Жонни Депп 1963-жылы 9-июнда Американын Овесборо аттуу шаарчасында туулган. Жонниге атасы тарабынан көп көңүл бурулбагандыктан, ал 12 жашынан баштап эле ичип-чеккенди үйрөнө баштайт. Ата-энеси ажырашкандан баштап 15 жашында нашаа чеккенге үйрөнүп, мектептен айдалат. Бирок, Жонни өзүн колго алууга үлгүрүп калат. Ал апасы сатып берген гитарасы менен алаксып, жаман адатын таштоого жетишет. Музыканы жан-дили менен сүйгөн өспүрүмдүн алгач актёр болом деген ою жок болчу. Кийин эмнеден улам экени белгисиз, актёрлук кесипке ыктап кетет.
Жонни төрт жыл бою мамиле түзүп жүргөн модель Кейт Мосс менен 1998-жылы кол үзүшөт. Андан көп өтпөй эле бир кечеде таанышып калган франциялык ырчы-актриса Ванесса Паради менен таанышып, чогуу түтүн булатып калышат. Азыр экөө Лилли Роуз аттуу кыздын, Жек аттуу уулдун ата-энеси.
Жонни Деппке эмнегедир «Кариб деңизинин каракчыларындагы» ролу жакпайт экен. Ал фильмге тартылуудан алган 100 миң долларына карабай ал фильге тартылганына азыр да өкүнөт деген маалымат бар.

Орландо Блум 1977-жылы 13-январда Англиянын Кэнтербери шаарында туулган. Ал 4 жашка чыкканда атасы каза болуп калып, эжеси Саманта менен Орландону тарбиялоо түй­шүгү жалгыз апасында калган. Апасы ага музыка, театр жөнүндө көп айтып бергендиктен, Орландо театр менен өтө эле эрте ооруган. 16 жашка чыкканда өз шаарын таштап, актёрлук билим алуу үчүн Лондонго келген.
1998-жылы Орландо бактысыз окуяга туш болгон. Кезектеги съёмкалардын биринде чатырга чыгып баратып, бийиктиктен кулап түшкөн да, натыйжада, далысын кокустатып алган. Врачтар эми баса албай калат деп жыйынтык чыгарганына карабай, Орландо бир жумадан соң таяк менен басып кеткен.

Кейра Найтли 1983-жылы 22-март­та Англиянын Тэддингтон шаарында карапайым үйбү­лөдө туулган. Ал үч жашынан баштап актриса болууга кызыга баштайт. 6 жашында ата-энесинен атайын актёрлук боюнча сабак алууну суранат. «Окууңа тоскоол болбосун» деген талап менен макул болушкан ата-энесинин тилеги таш кабат. Анткени, Кейра класстагы эң начар окуган окуучуларын катарына кирчү. Ушунун айынан классташтары аны шылдыңдап, кемсинтишчү. Бирок, Кейра күчтүү болгондуктан, алардын катыгын колуна берчү экен. Ошентсе да Кейра келечектеги кесибин кыялында өтө эрте тандап алган. Алиге чейин сценарийди окугандан кыйналса да, ийгилик фортунасы ага жүзүн буруп, Кейра дүйнөгө белгилүү актриса болду.

Даярдаган Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 191, 30-июнь-6-июль, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан