Кыргызстан эки медаль менен чектелди

Аптанын аягында жылдын башкы спорттук окуясы болгон XXIX жайкы Олимпиадалык оюндар аягына чыгат. Биз бүгүн 14-августтан 22-августка чейин атамекендик спортчуларыбыздын
Бээжинде медалдар үчүн жүргүзгөн күрөшү тууралуу кеп кылмакчыбыз.
МЕКЕН ӨЗ КААРМАНДАРЫН ТОСУП АЛДЫ
17-август күнү Бишкектеги “Манас” аэропортунда Олимпиадада өз чыгууларын жыйынтыктаган спортчуларыбызды салтанаттуу түрдө тосуп алуу аземи болуп өттү. Бул күнү көңүл борборунда Канатбек Бегалиев жана Руслан Түмөнбаев болду. Аталгандардан тышкары Бишкекке учуп келгендердин ичинде олимпиадачылар: Талант Жанагулов, Виталий Васильев, Василий Данилов жана Юлий Архипов да болду. Салтанатка спортчулардын жакындарынан башка бийлик өкүлдөрү, шаардыктар жана журналисттер катышты.
МЕДАЛСЫЗ 8 КҮН
СУУЧУЛДАРЫБЫЗ ИЙГИЛИКСИЗ КАТЫШЫШТЫ
14-августта калган 2 суучулубуз Ю.Захаров жана В.Васильев өз чыгууларын жыйынтыкташты. Биринчи болуп Юра 200 метр аралыкка комплекстүү сүзүү боюнча старт алды. 7 спортчудан турган тандап алуу жарышында ал 02:07:01 убакытын көрсөтүп, 6-орун менен чектелди. Бул натыйжа ага медаль үчүн күрөшүү укугун берген жок.
Ал эми Виталий 50 метр аралыкка эркин сүзүү боюнча мелдешке катышты. Ал дагы тандап алуу баскычынан ары өтө алган жок. Өз жарыш тобунда 24:04 секунда менен соңку натыйжаны (8-орун) көрсөттү.
ДЗЮДОЧУЛАРЫБЫЗДЫ КЫТАЙ БАЛБАНДАРЫ ТОКТОТУШТУ
Чүчүкулак боюнча Елена Проскураковага жергиликтүү спортчу менен күч сынашууга туура келди. Кытайлык Сюли Янга Еленаны жеңүү үчүн 52 секунд керектелип, мелдештин жыйынтыгында ал 78 килограмм салмакта чемпион аталды.
Ал эми 100 килограммдан жогорку салмактагы балбаныбыз Талант Жанагулов 1-беттеште Сон Пань менен кез келди. Тең күрөш астында өткөн таймашта кытайлык спортчу соңку мүнөттөрдө мекендешибиздин далысын жерге тийгизип, таза жеңишти илип кетти.
УЛАН МОЛДОДОСОВ КАЙРАДАН 11–ОРУНДА
15-августта оор атлетика боюнча 85 килограмм салмактагы Улан Молдодосов өзүнүн карьерасындагы экинчи Олимпиадасында медаль үчүн күрөш жүргүздү. Чоюн алп балбаныбыз жулкуп көтөрүүнүн 1-аракетинде 152 килограммды багынтса, калган 2 мүмкүнчүлүгүндө 160 килограммды багынтуу аракети ишке ашкан эмес. Түртүп көтөрүүдө Улан алгач 182, кийин 190 жана 194 салмактагы штанганы жаза таюусуз ишенимдүү түрдө көтөрө алды. Натыйжада, ал 346 килограмм көрсөткүчү менен 21 спортчудан турган тизмеде 11-орунду ээледи. Кызыгы, ал Афины Олимпиадасында 342,5 килограмм көрсөткүчү менен 11-орунду камсыз кылган. Ал эми бул салмакта алтын медалга кытайлык 22 жаштагы Лю Янг (394 килограмм) ээ болду.
АСЫЛБЕК чейрек ФИНАЛГА ЧЫГА АЛГАН ЖОК
Асылбек 1/8 финалдагы беттешин дагы бир Латын Америкасынын өкүлү Д.Перезге каршы өткөрдү. Колумбиялык мушкер 4:15 эсебинде жеңишти илип кетти. Ошентип, жалгыз боксчу олимпиадачыбыз 2 беттеш өткөрүп, карьерасындагы 2-Олимпиадасынан медалсыз кайтмакчы болду.
ЖЕҢИЛ АТЛЕТЧИЛЕРДИ ИЙГИЛИК КОШТОБОДУ
15-августта жеңил атлетчи А.Погорелов 400 метрге тоскоолдуктарды ашып чуркоо боюнча мелдеште старт алды. 6 спортчудан турган 3-топто жарышка чыккан Алексей финиш сызыгын 51:47 секундда кесип өттү. Жыйынтыгында, ал 26 күлүктүн ичинен 23-орунда калды.
16-августта Г.Педан кыздар арасындагы мелдешке катышты. Тилекке каршы, анын көрсөткөн 1 мүнөт 31 секунд убакыты 3-жарыш тобунун гана эмес, 27 спортчу айым катышкан мелдештеги эң төмөнкү натыйжа болуп калды.
17-август күнү кыздар арасында марафон жарышы өткөрүлдү. 80 жөө күлүк менен бирге кыргызстандык Юлия Архипова да мелдешке катышып, 42 чакырым 195 метр аралыкты 2 саат 44 мүнөт 41 секунда ичинде 58-болуп кесип өттү. Мелдеште румыниялык Константина Томеску (2 саат 26 мүнөт 44 секунд) алтын байгеге ээ болду.
Ал эми 20-августта 800 метр аралыкка чуркаган Сергей Пакура жогорудагыдай «ийгиликтерди» улантып, жарышта фиништин сызыгын акыркы болуп кесип өттү. Анын көрсөткөн убакыты – 1 мүнөт 50:54 секунд.
РУСЛАН ИСМАИЛОВ УПАЙДАН УТТУРДУ
Ок атуу боюнча мелдештерде медаль үчүн 3 жолу күчүн сынап көргөн мергенибиз Руслан Исмаилов чыгуусун ийгиликсиз нотада аяктады. 15-августта 50 метр аралыктан жаткан абалда 578 упай топтоп (мүмкүн болгон 600 упайдын ичинен), тизмеде 54-орунга түшүп кеткен. 3 абалда туруп ок атуу боюнча 17-августта өткөн мелдештердин жыйынтыгында мүмкүн болгон 1200 упайдын ичинен 1130 упай чогулта алган. Бул ага 48-орунда калуусуна шарт түздү.
БАЗАРГУРУЕВ мененГИТИНОВго фортуна жылмайбады
Мелдешке 1/8 финалынан кошулган Б.Базаргуруев (60 килограмм) чейрек финалда украиналык В.Федоришинге жеңилүүгө аргасыз болуп, коло медаль үчүн болгон күрөштө да ийгиликке жетише албады. 3-орунду аны 0:3 эсебинде уткан жапониялык Ю.Кениши ээледи.
Ал эми А.Гитинов (74) да чейрек финалда болгариялык К.Терзиевге утулууга аргасыз болуп, Олимпиада менен кош айтышты.

Даярдаган
Базарбек Абдураимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 303, 22-28-август, 2008
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан