“18ге толдуң, паспортуң колуңда” деген түшүнүк бизде бир нече жылдан бери татаалданып келет. Айрым аткаминерлер “жаранга эмес, малга да паспорт керек” деп чыгышканы менен, ошол паспорт маселеси жолго салынбай койду.
“Биздин өлкөдө “кыргызстандык” деген гана улут болуш керек. Андыктан ички паспорттон улуту, жашаган жери жана үй-бүлөлүк абалы жөнүндөгү көрсөтмөлөрдү алып салуу зарыл. Ош облусунун көпчүлүк тургундары “улуту” деген жерди толтурбагандыктары үчүн паспорт ала албай жаткандыктарын айтышууда. Бул Баш мыйзамга каршы келет”,- деген билдирүүсүн Коомдук бирикмелердин жыйынында Турсунбай Бакир уулу айтты.
Ошондой эле “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Равшан Жээнбеков депутаттар тарабынан көтөрүлүп жаткан паспорт жөнүндө мыйзам долбоорунда паспорт алууну жөнөкөйлөштүрүү, арзандатуу, коопсуздук маселеси жана акырындык менен каттоону жоюу максаты бардыгын белгиледи. Эл өкүлдөрүнүн айткан сөздөрүнөн майнап чыгып, эми паспорт алуу жеңилдеп калгысы бардыр.