Футбол чөйрөсүндөгү мезгилдүү ызы-чуулар эми өзбек клубу “Бунедкор” менен команда мүчөсү Ривалдонун ортосуна от жакты. Буга клубдун бразилиялык карт бөрүгө 1 жылдык маянасын төлөбөгөнү себеп болгон. 2010-жылдын август айынан тарта мекенинде жүргөн Ривалдо клубдан 16 миллион евро талап кылууда. Клуб жетекчиси Өзбекстандын президентинин кызы Гүлнара Каримова бул жосунду демөөрчүлүк кылып келген “Zeromax” компаниясынын жоготууга учурагандыгы менен түшүндүргөн.